www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, июль айында “Мак-2023” операциясынын алкагында “Кара куурай” аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү.
Аталган иш-чарасынын жүрүшүндө өлкө аймагында жапайы өскөн кара куурайды жок кылуу максатында прокуратура, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери курамына кирген 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.
Республика боюнча жалпысынан 94 тонна 22 килограмм кара куурай орулуп өрттөлдү. Алардын ичинен Бишкек шаары боюнча 2,3 га жерден 3 тонна 420 килограмм, Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 килограмм, Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 килограмм, Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна, Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 килограмм, Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 килограмм, Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 килограмм кара куурай орулуп өрттөлгөн.
Булак: NazarNews.kg