www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Мытищи шаарында кафе кызматкерин өлтүрүү айыбы менен кармалган Тажикстандын жараны Сайёра Дусаева 6,5 жылга эркинен ажыратылды.

Россиянын Тергөө комитети 36 жаштагы Дусаева Грузиянын жаранын өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылганын билдирди.

Грузин жаранынын өлүмү менен аяктаган окуя быйыл жыл башында Мытищи шаарындагы "Хинкальная Тбилисо" кафесинде болгон. 4-январда анда иштеген 50 жаштагы грузиялык ашпозчу жакында эле турмушка чыккан Сайёранын дарегине ыксыз тамаша айтып, ортодо жаңжал чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, ашпозчу аялга кол көтөрүп, аны чачынан сүйрөгөн. Сайёра бошонууга аракет кылып, аны колуна тийген ашкана бычагы менен бир нече жолу сайып жиберген. Жыйынтыгында грузиялык ашпозчу алган жараатынан улам каза болгон.

13-июлда Тажикстандын Россиядагы элчилиги Сайёра Дусаеванын адвокаты соттун айыптоо өкүмү боюнча кассациялык арыз жазарын билдирди.

Тажикстандын ички иштер министрлиги Рамазон Рахимзода бул ишти калыс тергөө өтүнүчү менен орусиялык кесиптешине кайрылган. Анын катында "ашпозчу Сайёра Дусаеваны катуу сабап, кемсинтип, анын ар-намысына шек келтиргени, мындан улам Дусаева өзүн коргоо үчүн бычак колдонууга аргасыз болгону" жазылган.

25-январда Тажикстандын Москвадагы элчилиги Дусаева камакка алынгандан кийин анын сегиз жаштагы уулу жалгыз калгандыктан, ал мекенине жөнөтүлгөнүн билдирген. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости