www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Республика”: УКМКны жоёбуз!

Бүгүн, 4-сентябрда "Республика" партиясы шайлоо алдындагы "Алдыга жол" программасын сунуштады. Укук коргоо органдарынын начар иштегендигин белгилеп, партиянын лидери Мирлан Жеенчороев алардын түзүмүн өзгөртүп, айрымдарын жоюуга да чакырды.

«Биз УКМКнын ордуна Чалгындоо кызматын түзөбүз. Бул өлкөнүн тышкы коопсуздугун камсыз кылат. Тергөө органдарын кыскартабыз. Тергөө менен бир гана орган алектенген - Улуттук Тергөө Бюросу түзүлөт. Прокуратураны жоюп, анын кызматын Юстиция министрлигине өткөрүп беребиз”, - деди Мирлан Жээнчороев.

Депутаттыкка дагы бир талапкер, юридика илимдеринин доктору Аяз Баетов белгилегендей, буга чейин Башкы прокуратура өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп келсе, бүгүнкү күндө бул ишкерлерге, жарандарга жана оппозицияга каршы жазалоочу курал болуп саналат.

“Бизге Грузиядагы жана башка өлкөлөрдөгүдөй реформа керек. УКМК террорчулар менен күрөшүп, дарыгерлердин артынан чуркабай, аларды кечирим суроого мажбурлабашы керек. Тергөөнүн функцияларын дагы алып чыгыш керек », - деди Баетов.

"Республика" партиясы мамлекеттик башкаруу боюнча сунуштаган реформалоо пакетине президенттик институттун жоюу, депутаттардын санын 75ке чейин кыскартуу, министрликтерди 16дан 7ге кыскартуу, УКМКны, анын курамындагы Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратураны жоюу кирет! Партия жумуш орундарын жана бизнести өнүктүрүүнү башкы артыкчылык деп белгилеген: айыл чарба насыялары 5% чейин, мамлекеттик ипотека насыялары 6% чейин, беш салыктын ордуна бирди киргизүү, саламаттык сактоо, билим берүү, туризм жана технология тармактарын салыктардан бошотуу. "Республика" бардык мамлекеттик компанияларды жоюп, андан түшкөн каражатты чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багыттоону сунуш кылат.

Буйрутмачы: «Республика» саясий партиясы. ИНН  01708200710163.

«Республика» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөндү, каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тортаева А.А.

Последние новости