www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы Республикалык штаб жарандарды эл көп чогулган жерлерге барбоого чакырат.

Штаб эпидемиологиялык кырдаалдын начарлап жатышына байланыштуу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди тыкыр сактоону өтүнөт.

КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, 21-июнга карата коронавирус дагы 585 адамдан жаңы аныкталды. Анын ичинде 353 учур Бишкек шаарында катталган. Ал эми сутка ичинде 360 адам илдеттен сакайса, алты адам көз жумган.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 115 миң 615 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 105 миң 410 киши айыгып чыкса, 1 миң 937 адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости