www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркия тууралуу 28 беттик рапорт даярдап, дүйнө коомчулугунун назарына сунду. Бул рапорт дүйнөнүн дээрлик бардык тилдерине которулуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынан таратылды

2015-жылдын 15-июлунан баштап Режеп Таййип Эрдогандын мыйзам өкүмүндөгү токтомдору (МӨТ) менен башкарылган Түркияны, бийликтин өз элине душмандык кылуунун жана күркүрөп өнүгүп келе жаткан өлкөнү кыска мөөнөттө кантип дүйнө жийиркенген мамлекетке айлатса болоорунун үлгүсү катары сунса болот.

БУУнун Түркия жөнүндө 2017-жылды камтыган рапортунда өлкөнү баткаrка батыруунун бир нече маанилүү ыкмалары төмөнкүлөр:

- 18 айлык аскердик төкөрүш аракетинен кийинки Өзгөчө кырдаал убагында 160 000 киши камалып, 152 000 киши себепсиз жумуштан айдалган. Алардын арасында аскер аз, көбү мугалим, сот, прокурор, илимпоз жана журналист;

- 100дүн тегерегиндеги боюнда бар, эми төрөйт деген жана жаңы төрөгөн аял күйөөлөрү шектүү болгондугу үчүн гана камалган;

- 22 МӨТ аркылуу жарандык эркиндиктер болушунча кыскартылып, өкмөткө сын айтуу бул жакта турсун, суроо берүү мүмкүн болбой калган;

- миңдеген киши белгилүү бир интернет аркылуу жазышуу программасын (Ватсапп же Мэссенжер сыяктуу) колдонгону же соцтармакта бир нерсе бөлүшкөнү үчүн камалган;

- Түркиянын абактарында сабоо, токко урдуруу, муунтуунун түрлөрү, зордуктоо адаттагы нерсеге айланган;

- жумуштан айдалган кишилер бейтапканаларга алынбайт, медициналык камсыздоодон ажыратылган, бир тобу үйлөрүнөн куулуп чыккан;

- 300 тегерегинде журналистти камаган Түркия дүйнөнүн биринчилигине чыккан;

- бийликке баш ийбеген 4200 сот менен прокурор МӨТтөр менен жумуштан кетирилген;

- 22,474 киши иштеген жери жабылгандыктан көчөдө калган;

- 570 адвокат камалып, 1480и суракка алынып, көбү адвокаттык ишинен ажыратылган;

- 600дөн ашык аял балдары менен бирге камакка алынган. Көбү ушуга чейин айып тагылбастан камалган күйөөсүнүн аркасынан капаска солонгон;

- МӨТтөр менен 1749 уюм, фонд, укук коргоо фирмалары жабылган;

- 166 медиа уюмунун ишине тыюу салынган;

- 2017-жылы 100 миңден ашык интернет сайты блокко коюлган;

- 50 миңдин тегерегинде кишинин паспорттору жокко чыгарылган. Кээ бирилеринин жубайларынын да паспорттору алынган;

- БУУнун Адам укуктары кеңсесине адилетсиздикке кириптер болгон 3000ге жакын түркиялык киши арыз берген;

- 2017-жылы аскерден 1684 киши, полистен 2360 адам, 50,875 мамлекеттик кызматкер ишинен айдалган;

- Түркиянын Сириядагы согушка киргенине каршы кайрылуу кылган 89 университеттен, 1128 илимпозго кылмыш иши ачылып, 380и жумуштан айдалган. Бир университеттен эле 60 киши камалган;

- БУУ рапортун даярдоо учурунда кесарево менен төрөгөнүнөн бир нече саат өткөндө ымыркайы менен бирге камакка алынган келиндерден интервью алынганы, энелер балдары менен өтө оор шартта камакта экени, аялзатына мынчалык зулум кылынганы эч бир шылтоо менен акталышы мүмкүн эместиги жазылган;

- күрт калкы шайлаган 105 акимдин 87си камалган, 105 акимдин 94тү бийликке жакын кишилерге алмаштырылган;

Рапортто Түркияда улам узартылып келе жаткан Өзгөчө кырдаалдын токтотулуусу, эл аралык укук жана акы принциптери сакталышы талап кылынган. Бул рапорт тууралуу кабарлар дүйнөлүк абройлуу ЖМКнын дээрлик баарында жарык көргөн, деп жазат сарасеп.кж.

Эми учкай-учкай кеп салалы...

Эми жогорку сандардан кийин, түрк президентине токтололу. Эрдоган өз элинин патриоту. Ошол эле убакытта мамлекетине чыккынчылык кылгандарды ал эч качан кечирбейт. Ал эми Түркиянын ички саясатындагы БУУ китеп кылып чыгарганы, ал китепти абройлуу ЖМКларга таратканы туурабы, БУУнун бул кадамына Эрдоган эмне деп жооп берет болду экен? Мүмкүн БУУну сотко берет? - деген суроолор жаралат. Мамлекеттин эл аралык мамилесине доо кетиргени үчүн, БУУга президент Режап Тайип Эрдогандын чечкиндүү кадамы кандай болоор экен... Кыскасы суроолор чексиз...

Экинчи тарабын алып карасак, Президент өз элине өзү гана кожоюн болушу зарыл жана ички душмандын  баардык мамлекет башчыларына кыпындай кереги жок болсо керек...Чынбы?...

Үчүнчүдөн, ушул тапта Түркиядагы жашап жаткан калктын арасынан көз карандысыз уюмдар, элинин-абалын, жашоо-шартын, укугун СУРАМЖЫЛОО жүргүзүшү өтө зарыл. Анткени жогорудагы жазылган сандар, "фактыга" дал келеби? ...Кеп ошондо

Оюн эми башталбаса болду...Дегенбиз, Түркия президентинин мүнөзү кандай экени дүйнө лидерлерине белгилүү. Ал, көк бет, өжөр, айтканын кайтпаган, карышкыр мүнөз, кармаган жерине коё бербеген, өз элин сүйгөн патриот инсан. Убагында дүйнөнүн кыйын лидерлерлеринин "тилин тишине каттырган" БУУга Эрдоган, "муштумун" кезейби же эмне деп каяша айтаар экен, күтө туралы...

Чындыгын алып караганда мамлекеттин ички жана тышкы саясатын жүргүзүү өтө-өтө кыйын. Өзбекстандын мурдагы маркум президенти Ислам Каримов, Андижан окуясынан кийин "мамлекеттин ички саясатына киришпегиле, мен өзүм каалагандай башкарамын" деп, БУУга каяша айткан эсибизде... Кандай болгон күндө дагы ар бир мамлекетте тынчтык болсун. Маалымат согушу болсун, бирок согуш оту эч качан болбосун. 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости