www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун жыйындарында көпчүлүк лидерлер белгилүү рамкадан чыкпай, “айтылыш керек болгон” гана сөздү айтып чектелет. Бирок, Президент Режеп Тайип Эрдоган алардан эмес. Дайыма акыйкаттын жарчысы болуп, чындыкты чыркырап айтып келет. “Дүйнө 5 тен чоң” деген БУУга карата айтылган сөзү, балким БУУ тарыхындагы эң оор сындыр.  Бул жолку БУУнун 73.жыйынында да сүйлөгөн сөзүн кыскартып, ток этер жерлерин которуп сунуштайбыз.

БУУ 5 өлкөнүн кызыкчылыктарына кызмат кылган система

Бириккен Улуттар Уюму вето коюу укугу болгон 5 өлкөнүн кызыкчылыктары үчүн кызмат кылган, дүйнөдөгү зомбулуктарга үнсүз калган системага айланды.

Босния, Руанда, Сомалиде, жакында эле Мьянмарда, азыр дагы уланып жаткан Палестинадагы кыргындардын баары БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көз алдында болуп жатат. БУУ көз жумуп келүүдө.

Иерусалимдин тарыхый жана укуктук статусун коргоого күрөшүүнү улантабыз

Палестинадагы зомбулуктарга үн чыгарбагандар жөн эле отура бербей, Палестинага берилген жардамдардын да жолун бууганга аракет жасап жатышат.Бүтүн дүйнө Палестинага сыртын салса да, Түркия мамлекети Палестина элинин жанында болобуз жана алгачкы кыбылабыз Кудустун (Иерусалим) тарыхый жана укуктук статусун коргоо үчүн күрөшүүнү улантабыз.

Дүйнө 5 тен чоң” деген ураан менен адамзаттын орток үнү

Дүйнөдө этникалык кыргындан баштап, массалык өлтүрүүлөр сыяктуу эч кимдин көргүсү да келбеген коркунучтуу окуялар күн сайын кайталанып турат.Ошол эле учурда, билим берүүдөн баштап саламаттыкты сактоо, тамак-аштан маданиятка чейин Бириккен Улуттар Уюму иш жүргүзгөн тармактардын баарында абал канааттанаарлык эмес. Мындай БУУ сыяктуу олуттуу уюмдун  аты улам эле ийгиликсиз натыйжалар менен коштолгонуна биз ыраазы эмеспиз. Мына ошондуктан, БУУнун Коопсуздук Кеңеши баш болуп түзүмүндө жана иштөө тартибинде масштабдуу реформа болуш керек. Ошон үчүн “Дүйнө 5 тен чоң” деген ураан менен адамзаттын орток үнү болгондугубузга ишенимдүүбүз.

БУУнун чыныгы милдеттери булар...

Азыр дүйнө 2.дүйнөлүк согуштан кийинки абалда эмес. Бул жерде 194 өлкөнүн өкүлдөрү бар.Эмне үчүн 194 өлкөнүн баары БУУда Коопсуздук Кеңешинде бирдей укуктарга ээ боло албайт?Күчтүү 5 өлкө гана толук кандуу мүчө, а калгандары убактылуу мүчөлөр. Бириккен улуттар уюмунун реформалары бюджет менен гана чектелип, чыныгы маселелерди чече албай атат. Дүйнөнүн келечеги үчүн абдан маанилүү ролу бар уюмдун чыныгы милдети: коопсуздук, өнүктүрүү, социалдык теңчилик тармактарында иш-аракеттерди арттыруу.

БУУ бул адилетсиздик үчүн эмне кылды?

Адилеттик гана дүйнөнү куткарат жана бактылуулук алып келе алат. Бүгүн дүйнөдөгү саясий, социалдык жана экономикалык туруксуздуктардын башкы себеби адилетсиздик.

Дүйнөнүн 62 эң бай кишинин мүлкү жер жүзүндөгү жалпы адамзаттын жарымынын же болбосо, 3,6 миллиард адамдын байлыгына тең келсе, бул жерде бир көйгөн бар демек.

Дүйнөдө 821 миллион адам ачкачылыкта отурса, 621 миллион адам да ашыкча салмактуулук менен ооруса, бул жерде бир көйгөй бар.

Дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 258 миң киши жакшы жашоо издеп сапаргачыгып жатса, бул жерде бир көйгөй бар.

Азирети Мевлана адилеттүүлүк баарын өз-өз ордуна коюу деп ачыктайт. Баарын өз-өз ордуна коюш үчүн Бириккен Улуттар Уюмун акыйкаттын жарчысына айландыралы. Келечек муундарга өткөрүп бере ала тургандай глобалдык башкаруу системасын куралы. Дагы бир жолу эскере кетейин, азирети Мевлана айткан: “залим- өз мойнундагы милдеттерди аткарбаган киши”.

Түркия 3,5 миллион Сириялык качкынга 32 миллиард доллар жардам көрсөттү

Түркия, учурда адилеттүү дүйнө үчүн колунан келгенин жасап жатат. 3,5 миллиону сириялык болгон жалпы 4 миллиондон ашуун качкынга дүйнөдө башка эч жерде жок жакшы шарттарды түзүп баш паанек берип жатабыз. Бир гана Сириялык качкындар үчүн бүгүнгө чейин 32 миллиард доллар жумшадык.Сирияда көзөмөлүбүзгө алган аймактарда да түрдүү гуманитардык жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Өлкөбүздө билим алып жаткан Сириялыктардын саны 600 миңден ашат. Өз жарандарыбызга берилген дарылар менен кошо бардык медициналык кызматтарыбыздан качкындар акысыз пайдалана алышат. Качкындар лагерлеринде жашагандар үчүн бардык муктаждыктарын толук камсыздап жатабыз. Ошол эле учурда, тыштан алынган колдоолор эл аралык уюмдардан 600 миллион доллар, Европа Биримдигинен 1,7 миллиард евро өлчөмүндө. Бирок, биз качкындарга карата жардамдарыбызды эч бир проектке карабай күн сайын, тынымсыз улантып келебиз.

Гуманитардык жардам көрсөтүүдө Түркия дүйнөдө 1-орунда

Түркия дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде гуманитардык жардамдар көрсөтүп келет. Быйылкы жылы Түркия өнүктүрүү үчүн көрсөтүлгөн жардамдар боюнча 6-орунда, гуманитардык жардамдарда биринчи орунду алды. Экономикалык көрсөткүчтөр боюнча дүйнөдө 17-орунда экенибизге карабай, өнүктүрүү жана гуманитардык жардамдарда биринчи орундада болушубуз, бул тармакка канчалык маани бергендигибизди билдирет.

Сомалини ачкачылыктан куткарып, бутка тургузуудабыз

Дүйнөдө тынчтыкта, теңчиликте жашаган коом куруу үчүн дагы да жоопкерчиликтүү болууга муктажбыз. Мунун алкагында Түркия олуттуу кадамдарды жасады.  Финляндия менен бирге 2010-жылы баштаган “тынчтык үчүнарачылык” проекти 56 мүчөдөн турган достук тобу менен колдоого алынып, иш жүргүзүп келет. Ислам Кызматташтык Уюму алкагында да олуттуу кадамдар жасадык. Испания менен бирге “Маданияттарбиримдиги” проекти 146 мүчө өлкөнүн да катышуусу менен БУУнун проектисине айланды. Ачкачылык менен күрөшкөн Сомалинин бутка туруусу үчүн бутүн дүйнөгө өрнөк боло тургандай өнүктүрүү программасы ишке ашырып жатабыз.Өлкөбүздөн кыйла алыстагы Аракандагы миллиондогон запкы көргөндөргө жардам көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү сунуп жатабыз. Сирия боюнча да активдүү иш алып барып жатабыз. Сириянын кайрадан бейпил жашоо сүрө турган жайга айлануусу үчүн бардык аракетибизди жумшап жатабыз.

ФЕТО(Фетхуллах Гүлен террордук уюму) дүйнөнүн 162 өлкөсүнө терроризм экспорттоп жатат

 Террордук уюмдардын баары эле баардык күчүн куралдуу аракеттеринен албайт. Кээ бирлери дагы да татаал, дагы да сырдуу, дагы да алдамчы ыкмаларды колдонушат.Өлкөбүздө 2016-жылдын 15-июлунда аскердик төңкөрүш уюштурууга киришип, 251 жараныбыздын өлүмүнө себепчи болгон, 2193 жараныбызды жаралаган ФЕТО мына ушундай террордук уюм. Булардын лидери кайда (Фетхуллах Гүлен)? Ооба, террор башы учурда Америкада- Пенсильванияда. Бул жерден дүйнөнүн 160 өлкөсүнө терроризм экспорттоодо. Бул уюм “билим берүү”, “кайрымдуулук”, “диалог” дегендей кооз аталыштарга жамынып, бейөкмөт уюм же коммерциялык мекеменин кейпинде иштепжатышат. Өлкөбүздө 40 жыл бою мына ушул алдамчылык менен бутка турган террор уюму, өзүнө жетиштүү деңгээлде күч топтогондо чыныгы жүзүн көрсөтүп, бийликти басып алууга аракет кылды.

Түркияда коопсуздук, сот органдары, куралдуу күчтөргө жайгаштырган адамдары аркылуу төңкөрүш уюштурмакчы болушту.Элибиздин колдоосу менен акыркы 5 жылда жүргүзгөн күрөш аркылууөлкөбүздү жалпысынан алардан тазалапжойдук. Буга карабай, кээ бир дос деп эсептеген өлкөлөр террорчуларды бизге өткөрүп берүүдө чечимге келе албай турушат. Дагы деле коркунучту түшүнбөгөндөр, мунун баасын кымбат төлөп калышат.Бул жерден дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн ФЕТОго каршы күрөшүүгө чакырам. Каалаган бардык өлкөлөргө бул темадагы тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости