www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Сирия менен тилектештикте иш алып барып жалпы аймагыбызда террорсуз тынчтык жана коопсуздук атмосферасынын өкүм сүрүшүн камсыздарыбызга ишенем»,- деди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
Президент Эрдоган кечээ борбор шаар Анкарага келген Сириянын президенти Ахмед Шара менен жолугушуусунан кийин биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.
Түркия катары эң үмүтсүз жана кыйын күндөрүндө сириялык бир туугандарыбызды жалгыз калтырбаганыбыз сыяктуу, жаңы мезгилде да аларга керектүү колдоолорду беребиз»,-деген Эрдоган президент Шараанын тарыхый сапарын эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу достук жана кызматташтык мезгилинин башталышы катары көргөнүн айтты.
«Коңшубуз Сирияга карата саясатыбыздын негизи эбактан бери бул өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана биримдигин сактоо болуп саналат» деген президент: «Тилектештикте иш алып баруу менен биз жалпы аймагыбызда террорсуз тынчтык жана ишеним атмосферасынын өкүм сүрүшүн камсыздайбыз деп ишенем»,-деди.
Эрдоган конок президентке ДЕАШ жана жикчил террордук уюм ПКК сыяктуу террордун бардык түрү менен күрөшүүдө Сирияга керектүү колдоолорду берүүгө даяр экендиктерин да билдирди.
Сирия менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштардын тарых бою күчтүү байланыштарга ээ болуп келгенине көңүл бурган Шара болсо: «Бул карым-катнаштарды бардык тармактарда терең стратегиялык өнөктөштүккө айландыруу чечкиндүүлүгүбүздү дагы бир жолу кайталайбыз. Бул багытта гуманитардык, экономикалык, маданий жана социалдык тармактарда биргелешкен кызматташууну баштадык. Мындан тышкары аймактагы коопсуздук коркунучтары менен күрөшүү үчүн бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу боюнча биргелешип иш алып баруудабыз. Бул аракеттер Сирия менен Түркия үчүн туруктуу коопсуздук жана ырааттуулукту камсыз кылууну көздөйт. Жыйында Сириянын түндүк-чыгышынын аймактык бүтүндүгүнө тоскоол болгон коркунучтарды талкууладык»,-деди.