www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп анын өлкөсү Газа тилкесине «узак мөөнөткө» ээлик кыла турганын айтты. Бул тууралуу трт.нет билдирди.
Дональд Трамп Ак үйдө кабыл алган Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.
Газанын азыр толугу менен жер менен жексен болгон чоң бир кыйратуу аймагы экенин белгилеген Трамп, Газадагы палестиналыктардын коңшу өлкөлөрдө, өзгөчө Египет жана Иорданияда курула турган жаңы конуштарга барышы алда канча жакшы болорун айтты.
Трамп: «Кошмо Штаттар Газа тилкесин өткөрүп алат жана биз ал жерде бир ишти аткарабыз. Биз ага ээлик кылабыз жана ал жердеги бардык кооптуу жарылбаган бомбаларды жана башка куралдарды жок кылуу, кулаган имараттардан кутулуу үчүн жооптуу болобуз», - деди.
«Палестиналыктардын Газага кайтып келүүнү каалашынын бирден-бир себеби, аларда башка альтернативанын болбошу»,- деп айткан Трамп аймактагы болжол менен 1,8 миллион палестиналыктын коңшу өлкөлөрдө курула турган бир нече жаңы жашоо аймактарына барарын жана ал жакта жакшыраак жашашарын жактады.
Газа тилкесинин дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген адамдар жашаган «эл аралык» бир жерге айланышын кыялданганын айткан Трамп: «Ал тынчтыкка жетишебиз жана аны өнүктүрөбүз. Миңдеген жумуш орундарын түзөбүз жана бүткүл Жакынкы Чыгыш сыймыктана турган нерсе болот»,-деп айтты.
Дональд Трамп коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Газа тилкесине америкалык аскерлерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроого да: «Керек болсо муну жасайбыз»,- деп жооп берди.