www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр кышында Бишкектин төбөсүн кара түтүн каптаганы эсиңерден чыга элекпи? Шаар тимеле кара түтүнгө оролуп, андан улам дем алуу органдарынын оорулары менен жабыркаган жарандар ооруканага көп кайрылган.
Көбү анда ал смогдун (кара түтүн) себебин автоунаалардын көптүгү, андан чыккан түтүн менен байланыштырган. Бирок, кийинчерээк адистер автоунаалар бөлүп чыгарган түтүн смогдун пайда болушуна олуттуу деле таасир бербей тургандыгын бир ооздон билдиришкен.
Негизи асмандагы кара булутту тиричиликте үйдү жылытуу үчүн колдонула турган көмүр, унаалардын резинасы, пластикалык буюмдар бөлүп чыгарат. Ошондуктан, шаардык мэрия былтыр үйдү жылытууда, мончону ысытууда күйгүзүлгөн андай заттарды колдонгон үй, мекеме ээлерин айыпка жыга баштаган. Албетте, көмүрсүз болобу? Болгону үйдү жылытууда резина өрттөөгө болбойт. Болбосо, былтыркыга окшоп, кара түтүн менен кышты кыштай турган болуп калабыз.
Деги Бишкекте жеке турак-жайдын (частный сектор) саны арбын, андыктан бул көйгөй дале актуалдуу. Ал эми кимде-ким андай материалдарды колдонуп жаткандыгын көрсөңүздөр төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылып, маалымдасаңыз болот.
Булак: NazarNews.kg