www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФ ТИМи: Финляндиядагы машыгуулар — НАТОнун чагымы

 Россиянын чек арасына жакын жерде өтүп жаткан Финляндиядагы машыгуулар — НАТОнун Москваны тушоо үчүн жасаган чагымчыл аракети. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлүнүн орун басары Андрей Настасьин билдиргенин РИА Новости жазды.

"21-26-июлдагы Россиянын мамлекеттик чек арасына жакын аймакта 1 700 аскер катышкан жана 300гө чукул техника пайдаланылган финляндиялык маневрларды НАТОнун Россияны ооздуктоо максатындагы чагымчылык менен жасаган кадамы катары карайбыз. Мындан сырткары, Финляндиянын Түндүк Атлантикага интеграцияланышын тездетүүнүн алкагындагы иштери деп да эсептейбиз", — деген ал брифингде.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости