www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 1-августтан тарта  Бишкек – Балыкчы — Бишкек поездинин курамына дагы бир  жогорку комфорттогу VIP-купе вагону ишке  киргизилет.

Бул вагондун ичинде 6 купе бар.  Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео система жана  ар бир купеде абаны муздатуу системасы каралган.

Ошондой эле,  ички жасалгасы улуттук стилде кооздолуп, купеге кирген адамдын көңүлүн өзүнө бурбай койбойт.

Бул  жогорку комфорттогу VIP-купе вагону үй-бүлө мүчөлөрү менен менен же санаалаш достор менен өзүнчө отуруп, жол жүрүп кетүүгө  абдан ыңгайлуу. 

Мындан сырткары вагондо кошумча акыга буфет кызматтары көрсөтүлөт. Ал эми  тамак-аш кол жетимдүү баада каралган. 

Билеттерди ticket.railway.kg сайтынан жана анын Android жана iOS мобилдик тиркемелеринен, ошондой эле Эркиндик бульвары 1А дарегинде жайгашкан Бишкек-2 бекетинин кассаларынан накталай жана накталай эмес бардык улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу сатып алсаңыз болот.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости