www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Киев режиминин кылмыштарына көз жумуп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымына таянып РИА Новости жазды.

Захарованын НАТО кеңешинин жыйынтыгы боюнча комментарийи РФ ТИМинин сайтында жайгаштырылган. Анда ТИМ өкүлү "Йенс Столтенберг Украина согушкерлеринин Россиянын туткун аскерлерин шылдыңдаганы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу эч нерсе билбейм деди. Же эч нерсе билгиси келбейт" деген.

"Киев режиминин кылмышына көз жумуп коюу НАТО үчүн кадимки көрүнүш", — деп жазылган документте.

"Бирок башкы катчы "Бучадагы каргашаны" укмуш талкуулады. Анын айтымында, Орусиянын аскерлери Украинанын шаарларынан чегине баштаганда же баштаса, ал жактан "массалык көмүүлөр, аскердик кылмыштардын бети ачылат". Көз көрүнөө эки жүздүүдүк кылып жатышат. Бул Батыштын баалуулугу", — деп жазылган Захарованын комментарийинде.

Белгилей кетсек, украин бийлиги менен ЖМКлары Киев облусундагы Буча шаарында "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Орусиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.

Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды. Шаардын түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости