www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Буча шаарындагы провокация — Орусияга каршы алдын ала даярдалган санкциялардын пакетине шылтоо катары жасалган нерсе. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Албетте, бул — фейк жана сценарий, алдын ала даярдалган санкциялар пакетин, анын ичинде бир катар Батыш өлкөлөрүнөн россиялык дипломаттарды кеңири масштабда кууп чыгуу үчүн шылтоо. Киев сүйлөшүүлөрдү толугу менен үзгүлтүккө учуратууну көздөйт”, — деди Захарова.

Анын айтымында, батыштык, биринчи кезекте америкалык ЖМКлар фейк жана дезинформацияны жөн гана таратпастан, Бучадагы кылмышка аралаш болуп калышты. Захарова Орусия тараптын күнөөсүздүгүн тастыктаган жетиштүү далилдер бар экенин, бирок Киевдин айыптоолорун жана Батыштын чалгындоо кызматтарынын Бучада болгонун тактап алуу керектигин айтты.

Ал белгилегендей, Вашингтон, Лондон жана Брюссель Украинанын шаарында болуп өткөн сыяктуу провокацияларды каржылап жатат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү дагы эмне деди:

Орусия аскерлери Украинадагы атайын операция учурунда карапайым калк жабыркабаш үчүн бардыгын жасоодо;

орус туткундарын кыйноого катышкандардын баары табылып, жоопко тартылат;

YouTube Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин брифингин көрүүгө тыюу салуу менен эрежелерди жапайычылык менен бузду;

Москва Google менен YouTube компанияларын цензурасын токтотууга үндөйт;

Батыш маалымат каражаттарында украиналык неонацисттердин аракеттери тууралуу эч кандай маалымат жок, бул маалыматтык геноцид.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости