www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рим папасы Франциск аскер адамдары «Бардык бомбалардын энеси» деп атап жүргөн АКШнын ири бомбасынын аталышын сынга алды. Ал Ватиканда студенттердин алдында сүйлөп жатып эне деген сөз адам өлтүргөн куралдарга байланыштуу болбошу керектигин айтты.
"Эне деген өмүр берет, а тигил курал адамдарды өлтүрөт. Биз болсо ал бомбаны эне деп жатабыз. Эмне болуп баратабыз деги?" – деп суроо салды ал.
Өткөн айда АКШ расмий GBU-43 деп аталган ал бомбаны Ооганстандын чыгышындагы «Ислам мамлекети» тобунун объектилерине таштаган. Соккулар тууралуу билдирүүлөрдө анын «Бардык бомбалардын энеси» деген аталышы көп айтылган.
Папа Францисктин бул сыны анын АКШ президенти Дональд Трамп менен 24-майда болчу жолугушуусунун алдында айтылды.
Булак: "centralasian.org"