www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист жана укук коргоочу Рита Карасартова СИЗО-1ден кат жазды. Фейсбуктагы баракчасында буга байланыштуу пост жарыяланды.
"Урматтуу мекендеш!
Азыр Кыргызстанга кайра кайтып келгис, кооптонууну жараткан, стратегиялык мааниге ээ болгон жерибизден ажыраганы турабыз. Бул жер азыр Өзбекстанга берилгени турат (аталарыбыздын атын жөн жерден жаманатты кылбагыла), аны бийлик жер алмаштыруу деп атышат, бирок демаркация жана делимитация боюнча мамлекеттик чек араны аныктоого багышталган комисия жер алмаштырууга укугу жок!
Экинчиден, 19.400 гектар талаш жер Өзбекистандыкы эмес, ал 50/50 болуп чечилсе 9700 гектар жер биздики. Ошондо, 9700 гектар жайыт жерге, биз 5000 гектардан ашык суу келген, эки облустун ортосундагы стратегиялык түштүк -түндүк жападан жалгыз жолубуздун чекесинде жайгашкан, суу жыйнаганга ыңгайлуу, эки ГЭС курулган жерибизди толугу менен Өзбекистанга берип салганыбыз – кыска ойлуктун белгиси.
Биздин урпактарыбыз келечекте кошуна менен тең ата боло тураган рычагды жок кылууга кадам таштаганыбыз- чыккынчылык.
Урпактарыбыз кечирбейт
Карасартова Рита
04.11.22
СИЗО - 1", - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg