www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рита Карасартова ачкачылык жарыялады

Кечээ, 13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда буга чейин кармалган активисттер, блогерлер, журналисттер жана саясатчылардын баш коргоо чарасы каралды. Алар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыгышкан.

Сотто Рита Карасартова ачкачылык жарыялаганын маалымдады.

«Ачкачылык – бул күрөштүн жолдорунун бири. Мыйзамсыздык болуп жатканын көрсөткүбүз келет. Тергөө иштери жүргүзүлбөй жатат. Мени бир жолу суракка алып чыгышкан. Телефондорумда мыйзамсыз эч нерсе жок. Айыпты алмаштырганы анчалык деле маанилүү эмес, жада калса биздин сөздү да өзгөртүшү мүмкүн. Негизинен биздин мыйзамсыз аракеттерибиздин далилдери болушу керек. Биздин чогулуштарга, бирикмелерге, жада калса митингге да укугубуз бар. Бирок сот митингдерди өткөрүүгө тыюу салгандыктан, биз депутаттар менен жолугуп, сүйлөшөлү дедик», - деди Рита Карасартова.

Белгилей кетсек, буга чейин сотто Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова да ачкачылык жарыялашканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости