www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда жеӊил жашоого көнгөн өспүрүм кыздар аныкталып, ата-энелерине кайтарылды. Бул тууралуу аталган облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад милициясы тарабынан 2 айдан бери көчөлөп, ар кандай түнөк жайларда жашап, күн өткөрүп жүргөн 3 өспүрүм кыздар аныкталды.

Алар — Сузак, Ноокен, Тогуз-Торо райондорунан Жалал-Абад шаарына келишкен 2004-жылы туулган И.А., Ж.А. жана 2006-жылы туулган Ж.А. экендиктери такталган.

Өспүрүмдөр үйлөрүнөн бир нече жолу качып, жеӊил жашоого көнүп алышкандыгы, турмуш-шарты жакшы үй-бүлөнүн кыздары экендиги белгилүү болгон.

Кыздардын ата-энелери милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мындан ары аларды катуу көзөмөлгө алуу керектиги эскертилди. Кыздар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости