www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» өтө тургандыгы тууралуу маалымат таркаган.
Анда аялдардын укуктарын, гендердик теңдик жөнүндө жүрүш саат 12:00дө Жеңиш аянтында башталат. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатат, деген маалыматты буга чейин «Азаттык» жазып чыккан.
Ушул тапта Жеңиш аянтындагы түркүн-түстүү кийинген жаштарды жана укук коргоочу Рита Карасартова, активист Алтын Капалованы милиция кармап кеттишти.
Аянтта эс алып жүргөн Акылай Кенекеева, милиция кармап кеткен митингдин катышуучуларын туура кадамга баргандыгын айтышты.
Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.
Булак: NazarNews.kg