www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет жерге турмушка чытууда ар бир кыздын жоопкерчилиги болушу шарт. Кыздарыбыз 18 жашка чыкканда, алардын бутунан кармап калтыра албайбыз. Мамлекет элге туура маалымат жеткирүү менен “зордук-зомбулук”, “кулчулукка кабылгандар” тууралуу социалдык жарнамаларды көрсөтүү керек.

Ар бир мамлекетте элчиликтер жарандар менен иш алып баруу керек. Чет жердеги биздин элчиликтер, кыргыз жарандарын коргоодо алгылыктуу иштей албай жатышат. Ал эми кыздарыбыз башка улутка чыгууга, албетте, укуктуу. “Кыргыздын кыздары башка улуттарга турмушка чыкпайт”-деген мыйзамды эч бирөө чыгара албайт. Укуктук калыпка салып, бул маселени чечүү мүмкүн эмес. Кыздарга каада- салт, накыл кептерди үйрөтүү менен туура жолго салуу зарыл. “Чет элдиктерге турмушка чыкпагыла”-деп кыздарга чек коё албайбыз.

Корей кино тасмаларындагы укмуштуудай жомок жашоону элестеткен кыздарыбыз көп. Чыныгы жашоо кинодогудай болбойт. Ал эми нике агенттиктеринин жүргүзгөн иштеринин артында чоң күчтөр турат. Алар кийлигишпесе, нике агенттиктери жападан жалгыз адамдарды сыртка кантип алып чыкмак эле?!

Булак: “Алиби”

Последние новости