www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында РВБ (Wildberries & Russ), Россия–Кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) жана «Бакай Банк» Кыргызстанда ишкердикти колдоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту.

Долбоордун максаты — чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, аялдардын ишкерлигин колдоо жана кыргызстандык ишкерлерди трансчек аралык электрондук соодага, анын ичинде Wildberries маркетплейсине активдүү тартуу.

РВБ ишкерлерди Wildberries платформасына чыгаруу боюнча окутуу жана коштоо иштерин жүргүзөт, ошондой эле товарларды илгерилетүүгө көмөк көрсөтөт. РКӨФ долбоорго маалыматтык, уюштуруучулук жана жеңилдетилген каржылык колдоо көрсөтсө, «Бакай Банк» ыңгайлуу насыя шарттарын сунуштайт.

Долбоордун алкагында өлкөдө заманбап жана эң ири логистикалык борбор куруу пландалууда. Бул Кыргызстандагы e-commerce тармагын өнүктүрүүгө чоң түрткү берери белгиленди.

Последние новости