www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Чүй облусунун Кызыл-Дыйкан айылында жана «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы Үркүн окуясынын 110 жылдыгына арналган иш-чараларга катышып, каргашалуу окуяда каза болгон мекендештердин жаркын элесине таазим кылды.

Өз сөзүндө Мамлекеттик катчы Үркүндү кыргыз элинин тарыхындагы эң оор трагедиялардын бири жана улуттук эс тутумдун ажырагыс бөлүгү катары белгилеп, каза болгондорду эскерүү өткөнгө өч алуу эмес, тарыхый чындыкты сактоо, ата-бабалардын басып өткөн жолун терең түшүнүү жана келечек муундардын алдында жоопкерчиликти сезүү өзгөчө мааниге ээ экендигине токтолду. 

Арслан Койчиев 1916-жылдагы окуялар элдин эркиндикке, ар-намыска жана өз алдынча мамлекеттүүлүккө болгон умтулуусун чыңдап, бүгүнкү эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхый пайдубалынын калыптанышына өбөлгө түзгөнүн айтты.

Мамлекеттик катчы Кызыл-Дыйкандагы жана «Ата-Бейиттеги» иш-чаралардын тарыхый эс тутумду сактоодогу ордуна токтолуп, Үркүндө курман болгон мекендештердин элеси элдин жүрөгүндө гана эмес, мамлекеттин эсинде жана абийиринде да түбөлүк сакталышы зарылдыгын баса белгиледи.

Ал Үркүндүн тарыхын илимий негизде ар тараптуу изилдеп, анын сабактарын кийинки муундарга жеткирүү менен катар, мындай трагедиялардын кайталанышына жол бербөө, эгемендүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин жана коомдогу тынчтыкты сактоону ар бир жарандын ыйык милдети катары баалоого чакырды.

Арслан Койчиев ошондой эле Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого, улуттук биримдикти бекемдөөгө жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга багытталганын айтып, Үркүндө курман болгон мекендештердин жаркын элеси элдин эсинде түбөлүк сакталаарына ишеним билдирди.

Последние новости