www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Барселона» клубунун Кыргызстандагы академиясынын президенти Айбек Алыбаев легендарлуу футболчу Роналдиньонун Кыргызстанга келбей калышынын себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, буга чейин Роналдиньо түз байланышка чыгып, клуб менен келишим түзгөн. Ал эл аралык басылмалардан Роналдиньону үйүнөн күч түзүмдөрү кармап, паспортун алып коюшнанын укканын айтып, азыр ал байланышка такыр чыкпай жатканын кошумчалады.

Алыбаев башка «Барселонанын» легендалары да чоң майрам тартуулап жатканын айтып, Роналдиньонун келбей калышына эч кимдин күнөөсү жок деп эсептейт.

Эске салсак, 30-августта Бишкектин Д. Өмүрзаков стадионунда "Барселонанын" легендалары менен президент Садыр Жапаров коштогон Азиянын ардагерлери футбол ойнойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости