www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Аль-Наср" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду кайрадан чыр-чатактын чордонунда: ал зордуктоо боюнча кайрадан сотко чакырылды. Бул тууралуу Sky Sports басылмасы жазып чыкты.

Телеканалдын маалыматына караганда, доогер Кэтрин Майорга аттуу америкалык аял. Кыздын айтымында, футболчу 2009-жылы Лас-Вегаста аны кордоп, ооз ачпоосу үчүн 375 миң доллар берген.

2018-жылы ал футболчуга каршы биринчи арызын берген. Андан кийин Роналду өзүнө коюлган бардык айыптарды четке кагып, 2022-жылдын июнь айында АКШнын округдук соту бул иште уурдалган жашыруун документтер колдонулган деген негизде доо арызды четке каккан.

2023-жылы күзүндө Майорга жана анын адвокаттары доо арызды кайра тапшырууну чечишкен. Алар АКШнын апелляциялык сотунан ишти кыскартууну жокко чыгарууну жана 2018-жылы берилген жарандык доо арызды калыбына келтирүүнү суранышууда.

Буга чейин "Алтын топтун" беш жолку ээси дагы бир жагымсыз жагдайдын каарманы болуп калган. Сауд Арабиянын профессионалдык лигасындагы беттеште спортчу операторду нокаут кылып жибере жаздады. Роналду айып соккусун аткарышы керек болчу, бирок жетпей калып, топ оператордун башына учуп, аны жыгып кете жаздады. Оператордун анын чагылгандай тез реакциясы кулап калуудан сактап калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости