www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы кванттык компьютер иштеп чыгууда. Бул тууралуу айтылган маалыматтарда, беш жылга созулган долбоорго жалпысынан 24 миллиард рубль керектелет.

Аталган корпорациянын башчысы Екатерина Солнцеванын айтымында, бул сумманын 13,3 миллиарды Орусиянын бюджетинен бөлүнөт. Ал эми калган 10,4 миллиардды «Росатомдун» жеке каражатынан жана башка компаниялардын каржылык колдоосунда ишке ашары күтүлүүдө.

Ал эми корпорациянын кванттык компьютер долбоорунун жетекчиси Руслан Юнусовдун белгилөөсүндө, компьютерди иштеп чыгуунун экономдуу натыйжасы беш жылдан эрте болбойт. Анткен менен маалыматтык сактоосу 50дөн 100 кубитке жеткен кванттык компьютердин төрт түрүн 2024-жылга чейин түзүп чыгышат.

Учурда адистер эки кубиттен турган түзүмдү иштеп чыгышкан. Ошондой эле жаңы копьютерди аралыктан башкаруу платформасы иштелип жатат. Юнусовдун айтымында, айрым майда тетиктери чет өлкөдөн алынганы болбосо, бул компьтерлердин мээси толугу менен Орусияда чогултулат. Бирок, аналогдук бөлүгүн иштеп чыгууда Google, Microsoft, Intel, IBM өңдүү бир катар белгилүү корпорациялар катышат.

Айтмакчы, кванттык компьютерлер — эсептөө түзмөктөрүнүн жаңы классы болору күтүлүүдө. Аны менен учурдагы эң күчтүү копьютерлер аткара албаган тапшырмаларды аткарууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости