www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-октябрга караган түнү Бишкектин Түштүк магистраль менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 60 жаштагы күзөт кызматкерин ошол үйдө жайгашкан “Паво” бильярд клубунун кардарлары сабап салган. 

Ошол убакта “NazarNews” маалымат агенттиги жабырлануучунун бир тууган иниси Руслан Ботокановго байланышып, окуя тууралуу маалымат алган. Руслан Ботоканов агасы 4-шаардык ооруканасында жатканын жана аны сабагандар издөөгө алынганын айтып берген. Кызыгы, аны сабагандардын бирөөсүнүн ким экендиги ошондо эле аныкталганына карабай, милиция аны азыркыга чейин кармай элек. Калгандарынын болсо кимдер экендигин дагы эмгиче аныктай элек. Жабырлануучунун туугандары алардын дагы деле кармалбай жатышына милиция кызматкерлери өздөрү кызыкдар деп ойлошот. Бүгүн, 7-ноябрда “NazarNews” маалымат агенттиги ооруканага барып, дарыланып жаткан жабырлануучу Каныбек Ботокановго жолугуп, абалын билип кайтты. Жабырлануучунун иниси Руслан Ботоканов болсо милиция агасын аёсуз сабагандарды кармагандын ордуна, тескерисинче аларга жардам берип жатат деп билдирди: 

“Кечээ байкеме опер кызматкерлер келип “тосмо арыз жазып бербейсизби” дешиптир. Анын артынан эле агамды сабаган жигиттин атасы келип, ал да тосмо арыз жазып бер дептир. Буга кандай түшүнсө болот, акыйкаттык кайда? Эгер мени коргойм деген укук коргоочум ушундай кадамга барып жатса... Бизде президентке кайрылуудан башка арга калбай калды. Анан да дарыгерлер 2-3 күндөн кийин агамды ооруканадан чыгарабыз деп жатышат. Дарылоо мөөнөтү болсо бүтө элек, өзү дагы толук жакшы боло элек”, -дейт Руслан Ботоканов. 

“NazarNews” маалымат агенттиги жабырлануучунун өзү менен да маек курду. Жабырлануучунун айткандарын толугу менен төмөнкү видеодон көрө аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости