www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Басма сөз жана маалымат күнү менен куттуктайм! Массалык маалымат каражаттары азыркы заманда аябай чоң роль ойнойт, ал эми журналист кесиби чоң жоопкерчиликти талап кылат. Дүйнөдө, өлкөдө жана аймакта болуп жаткан окуялар элге канчалык толук жана калыс чагылдыруу журналисттердин ишинин натыйжасынан көз каранды. Себеби, керектүү жана так маалыматты элге ыкчам жеткирүү өтө маанилүү. Баардык заманбап маалыматтык технологиялардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн бар экендигине карабай, биздин республикабыздын көпчүлүк калкы үчүн гезиттер маалымат алуунун негизги жолу бойдон калууда. Сиздердин артыңыздар менен биздин жарандар болуп жаткан окуялардан кабардар болушууда.

Басылмалардын баардык кызматкерлерин чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, жумушта чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы идеяларды ишке ашырууда жетишкендиктерди, чыгармачылык эргүүнү каалайм!

Жогорку Кеңештин үчүнчү-төртүнчү чакырылышынын депутаты, вице-спикери К.С. Исабеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости