www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын юстиция министрлиги Твиттердин мурдагы эки кызматкерин тыңчылыкка күнөөлөп жатат. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасынын жазгандарына таянсак, мурдагы кызматкерлер Сауд Арабиянын кызыкчылыгына иштешкен.

Тагыраагы, Ахмад Абуаммо жана Али Альзабара 2013-2015-жылдары Twitter социалдык тармагында иштешкен. Мына ошол учурда алар Сауд Араб падышалыгын сындагандардын маалыматын алып турган. Бул өз учурунда ошол билдирүүнү жарыялаган адамды издеп табууга мүмкүн болгонун америкалык Минюсттун билдирүүсүндө айтылат.

Ал маалыматта Альзабара 2015-жылга чейин алты миңден ашык адамдын маалыматын чогулткан. Анын бири падышалык үй-бүлөнү сындаган белгилүү сынчы Омар Абдулазиз болгон.

Ар бир маалыматы үчүн Твиттердин мурдагы кызматкерлери Сауд Араб падышачылыгынан кымбат баалуу сааттарга жана акчалай сыйлыктарга ээ болуп турушкан.

Учурда Абуаммо камакка алынган. Ал эми Альзабара болсо Араб өлкөсүндө жашырынып жатканы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости