www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдү айланып өтүүчү жер үстүндөгү метрону куруу пландалууда. Мерчем боюнча инвесторлор Ысык-Көлдү айлантып, андан ары Алматы менен Бишкекти бириктириши керек экен. Бул тууралуу аталган облустун мурдагы губернаторунун орун басары Нурбүбү Кененбаева аттуу айым билдириптир. Мурдагы! Учурдагы эмес! Мындайча айтканда “атың чыкпаса жер өрттө” дегендей эле кеп болуптур.

Көрсө, долбоорду россиялык инвесторлор ишке ашырууну көздөп турушкан имиш. Капчыгына 50 миллион АКШ долларын майдай, сүттөй сактап алып. Инвесторлор кыргыздарды макулук ойлошот же болбосо Кененбаева аттуу айым бир аз бир жеринен айнып калган сыяктанат. Биринчиден, пневмометрону (жер үстүндөгү метро) коюп, кадимки эле Балыкчы-Корумду автожолун бүтүрүп алгылачы деген киши жок. Экинчиден, жер үстүндөгү метронун 1 чакырым баасы 1 миллион АКШ доллары болсо Ысык-Көлдү айлантып, андан чыгып Бишкек, Алматыны бириктиргенде ортодогу аралык 50 километрди гана түзөт деп россиялык ивесторлор менен Кененбаевага орус изилдөөчүлөрү айтканбы? Ким билет? Айтор, шылуундар көбөйдү да көбөйдү.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости