www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 октябрьда Орусиянын Карпинск шаарында 37 жашар аял алты айлык кызын төрөлгөндөн бери күн көрсөтпөй шкафтын ичинде катып келгени белгилүү болду. Бул тууралуу МК RU жазып чыкты.

Маалыматка караганда, шкафтагы ымыркайды уйгө конокко келген аялдын курбу кыздары таап алышкан. Алар кичинекей кызды дароо колдоруна алып тез жардам менен полиция чакырышкан. Ымыркай 6 айлык болгонуна карабай салмагы болгону 3кг 100гр болгон. Аялга карата полиция кызматкерлери тарабынан кылмыш иши козголду.

Кылмышка шектүүнүн бул ымыркайдан башка 13 жашар эркек баласы менен 3 жашар кызы бар .

Белгилей кетсек, ымыркайдын чарчап калбагандыгынын бирден бир себеби болуп улуу байкесинин энесинен жашыруун тамак берип туруусу болгон.  

Аялдын досторунун айтымына караганда, улуу баласы карындашынын жалаягын маал-маалы менен алмаштырып тамак берип турган. Биринчи убакыттарда шприцтен жылымык сүт менен суу берип, бара-бара ымыркай чоңойгон сайын нан менен печеньени сүткө эритип бакчу экен.

Адамдардын айтуусунда өспүрүм бала мектепте жакшы окуп, дайыма жакшы мүнөзү менен айырмалангандыктан энесинин “айтпа” деген сөзүн угуп эч кимге окуя тууралуу айткан эмес.

Буга карабастан, бала кичинекей карындашын өлүмгө таштай албай энесинин каарынан коркпой тымызын багып келген.

Учурда баланы мектептеги улуу балдар шылдынга алынганы белгилүү болду.

Кошуналардын айтымында, 37 жаштагы эне бир нече ай мурда күйөөсү менен ажырашып кеткен. Жолдошу үйдөн кетип калгандан кийин көз жарган эне кызынын жүзүнөн жек көргөн адамды көрүп мындай жол менен мурдакы күйөөсүнөн өч алгысы келген деп айтылат.

Азыркы учурда ымыркай атайын тамактануучу апарат аркылуу тамактанып жатат. Улуу байкесинин аракети менен алсыз болгону эле болбосо, өсүп-жетилүүсүндө эч кандай көйгөй жок.

Жергиликтүү укук коргоо органдары аталган факт боюнча иликтөө иши жүрүп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости