www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын БУУдагы өкүлү Василий Небензия Американын өкмөтү Коопсуздук Кеңешинде коронавируска каршы резолюция кабыл алууда саботаж жасап жатканын сынга алды. 

Ал Орусиянын 1-каналы менен болгон маегинде, “АКШнын коронавирус боюнча Кытайга ооз эки кол салуусу, акыркы эки жылдагы бизге айтылган айыптоолордон дагы көп болушу мүмкүн”, - деп баса белгиледи.

“Бул чыр-чатактарга акыркы барымта - Коопсуздук Кеңешинин коронавируска каршы күрөшүү боюнча резолюциясы. Биз эки айдан бери аталган резолюция боюнча келишимге жете алган жокпуз. Тагыраак айта турган болсом, үч жума мурун аны бекитүүгө даяр болчубуз. Бирок, Америка акыркы мүнөттөрдө бул резолюцияда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна шилтеме же сигнал болууну каалабай турганын билдирди”, - деди Орусиянын өкүлү.

Америка Кошмо Штаттары 20-майда БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жаңы коронавирус эпидемиясы боюнча резолюцияга добуш берүүгө тоскоолдук кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости