www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасына тиешелүү 150 гектар жерин казык кагып, өз алдынча тиешелүү документтери жок эле басып алышкан. Бул тууралуу видеотасманы жергиликтүү тургундар тартып, интернет желелерине жүктөшкөн. 

Алардын айтымында, Кыргызстанга караштуу Жалал-Абад, Сузак, Кара-Дарыя, Ак-Мечит аттуу кыргыз жерлерин Өзбекстан келип, басып алса да, кыргыз бийлиги тарабынан эч ким аталган окуя болгон жерге келген эмес. Айыл башчысынын жардамы менен алардын КаМАЗын алып, токтотуп коюшкан. 

Видеотасманын авторунун айтымында, ошол жердеги көпүрөнүн аймагы да мурда кыргыздарга караштуу болсо, азыр өзбек тарапка өтүп кеткен. Ошондо азыркысы менен жалпы 300 гектардай жерди Өзбекстан ээлеп алган.

"Биздин заставанын башчысы Исмаилов Арзымат жок, биздин аскерлердин 2-3 гана жүрөт. Өзбек чек арачылары автомат, пулеметтору менен келишкен. Союз убагында кыргыз тарап азыр алдырып жиберген жерлерге судан, жүгөрү, беде эгип жүрүшкөн. Алар кыргыздардын үлүш жерлери болуп, дыйканчылык кылып келишкен. Ошентип, мамлекет тараптан аким же башка бирөө келген жок, 150 гектар жерди тарттырып жибердик", -дейт жергиликтүү тургун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости