www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Беларус менен чек арасында жеңил жана жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына, жүргүнчүлөргө паспорттук көзөмөлдү күчөттү. Ошондон улам М1 эл аралык жолунда унаалардын узун тыгыны жаралды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 

Саясат талдоочу Юрий Воскресенский «Фейсбуктагы» баракчасына өткөрмө бекетке кошумча күч тартылганын, эки тарапка каттаган белорус жарандарын документ толтурууга мажбурлап, ал тургай телефон номерлерин өйдө жаздырып алып жатышканын жазды.

Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгынын Смоленск облустук бөлүмү эки жакка каттаган беларус жарандарын каттоо тууралуу буйрук түшкөнүн ырастады жана чек ара жабылбаганын билдирди.

Беларустун Чек ара комитети соңку жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Минск шаарына жакын жерде 29-июлда Орусиянын 33 жараны камалган. Беларус бийлиги аларга теракт уюштурууга камынып жаткан деген айып койгон. Москва болсо колго түшкөндөрдү «жеке күзөт ишканасынын жумушчулары» деп атап, алар Беларус аркылуу Түркияга кетүүнү көздөшкөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости