www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы" юбилей медалы менен сыйланды. Бул тууралуу Россиянын Түндүк Кореядагы элчилиги өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.

Мааалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Орусиянын президенти Владимир Путин кол койгон.

Белгиленгендей, медаль Ким Чен Ынга Түндүк Кореяда каза болгон советтик жарандардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу ишине кошкон жеке салымы үчүн ыйгарылган.

Эске сала кетек, 25-апрелде Гонконгдун маалымат каражаттары Ким Чен Ындын өлүмү жөнүндө кабарлашкан. Кийинчерээк, Корей достук ассоциациясынын башчысы Као де Бенос Түндүк Корея башчысынын өлүмү тууралуу кабарларды жалган деп атаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости