www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Россиянын коомдук уюмдары Кыргызстанга жалпы баасы жарым миллион рубль турган гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

COVID-19 менен күрөшкөн өлкөдөгү медициналык мекемелерге жардамды “Евразиялыктар — жаңы толкун” (“Евразийцы – новая волна”) фонду, Ыктыярчылар борбору ассоциациясы жана  Жаштар иши боюнча федералдык агенттиги көрсөткөн.

Дары-дармектер, жеке коргонуу каражаттарынан (коргонуучу костюм, бир жолку пайдалануучу бет кап, респиратор ж.б.) турган гуманитардык жардам Ысык-Көл жана Чүй облусундагы аймактык ооруканаларга бөлүштүрүлгөн.

Берилген жардамдын наркы жарым миллион рублден ашат.

Россия коронавирус пандемиясы башталган алгачкы күндөрдөн тартып эле Кыргызстанга жардам берип келет. Февраль айында эле РФ чет өлкөлөрдөн биринчилерден болуп Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясын аныктаган тест-системаларды жиберген. Ошондон бери Россия тараптан ПЦР-тесттер, реагенттер, СИД жана медициналык жабдуулар боюнча жардамдары туруктуу негизде келип жатат.

Июль айынын башында Россиянын Роспотребнадзор жана Саламаттык сактоо министрлигинен адистердин тобу келген. Кийин россиялык 70тей медик жөнөтүлүп,

бир ай бою кыргызстандык кесиптештерине COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүштү.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости