www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы саясий кырдаал турукташмайынча, Москва Бишкекке каржылык колдоо көрсөтпөйт. Бул тууралуу РБК жазып чыкты. 

“Кыргызстандагы учурдагы кырдаалды эске алып, каржылык жардам көрсөтүү өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып, бийликтин иши калыбына келтирилгенге чейин токтотулган” – деп айтылат маалыматта.

Акыркы жолу Росиия тарабынан 2019-жылы Кыргызстанга мамлекеттик каржылык жардам көрсөтүлгөн: анда Россия 30 миллион долларды берген, 2005-жылдан бери Россия дагы Кыргызстанга 700 миллион доллардан ашуун карызын кечкен (2018-жылдын февраль айында карыз толугу менен жоюлган). 2012-жылдан бери Москва Бишкекке 250 миллион доллардан ашуун суммадагы гранттарды берип келет.

Кыргызстанда кырдаал 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин курчуп кетти. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүгө катышкан 16 партиянын ичинен төртөө гана мыйзам чыгаруу органына кире алган. Андан кийин расмий жыйынтыкка нааразы болгон адамдар митингге чыгышкан.

Нааразычылыктардан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, шайлоо босогосун төмөндөтүүнү сунуштады. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттү, премьер-министрди жана өлкөнүн Башкы штабынын башчысын кызматтан кетирди. Садыр Жапаров өкмөттүн башчылыгына дайындалып, ал президентти отставкага кетүүгө чакырды, анткени ал, премьер-министрдин пикири боюнча, убадаларын аткарган жок. Мамлекет башчысынын өзү буга чейин кырдаал мыйзамдуу жолго түшөөр замат кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирген.

Кремль Кыргызстандагы кырдаалда “хаостун ачык-айкын чагылдырылган элементтерин” көрдү. 12-октябрда Президент Владимир Путиндин тапшырмасы боюнча, Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак Жээнбеков менен жолугушуу үчүн республикага келген.

7-октябрда Кыргызстандын Улуттук банкы капиталды өлкөдөн уруксатсыз чыгарып кетпөө үчүн SWIFT эл аралык каржы байланыш тутуму өчүрүлгөнүн жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости