www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков үч күндөн кийин отставкага кете турганын айткан эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйында "президент үч күндүн ичинде кызматтан кетерин айткан, бирок андан бери 10 күн өтсө да кетпей жатат" деген билдирүү жасаган.

"Учурда ЖМК жана соцтармактарда президент Сооронбай Жээнбеков үч күндүн ичинде кызматтан кетүүгө убада берген деген талкуу жүрүп жатат. Ооба, президент кетерин билдирген, бирок Садыр Жапаров жана анын тарапташтары кайсы үч күндү айтып жатат түшүнгөн жокпуз. Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө отставкага кете турган күнү так жазылган эмес", — деди Стамалиева.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митинг өткөрүп, Ак үй менен УКМКнын имаратын басып алышкан. Мындан улам өлкөдө башаламандык башталып, 9-октябрда Жээнбеков өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң кызматтан кетүүгө даяр экенин жар салган.

Ал эми бүгүн, 14-октябрда, Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөрүп коюп кете турганы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости