www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын бийлиги БТА Банктын мурдагы башчысы жана оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязовго карата «өзүнүн улуттук тергөөсүн» жүргүзүүдө, ага казак тараптын «кийлигишүүгө укугу жок». Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеме RFE/RL радиосунун казак кызматынын суроосуна жооп берип, Париж 2017-жылы Аблязовду экстрадициялоодон баш тарткандан кийин Нур-Султан «өткөрүп бер же сотто» принцибинин негизинде мурдагы банкирге кылмыш ишин козгоо үчүн Францияга материалдарды жөнөткөнүн билдирди. Алар БТА Банктан «акча уурдоого» байланышкан материалдар болгон. Алматы соту бул иштин алкагында 2017-жылы Аблязовду сыртынан 20 жылга соттогон.

«Кылмыш-жазык мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Францияга жөнөтүлгөн материалдар тууралуу мындан кененирээк маалымат берүүгө мүмкүн эмес», — деп жазылган прокуратуранын билдирүүсүндө.

Акыркы 11 жылдан бери Европада жашап жүргөн Мухтар Аблязов сентябрдын аягында Франциядан саясий башпаанек алган. Бирок 5-октябрда ал камакка алынып, эки суткадан кийин кое берилген. Аблязовдун адвокаты оппозициячыл саясатчыга 7,5 миллиард доллар уурдоого байланыштуу Казакстанда козголгон кылмыш иши боюнча айып тагылганын билдирген.

2018-жылы ноябрда Жамбыл облусунун район аралык соту Аблязовду 2004-жылы “ТуранАлем” банкынын башкы менеджери жана кожоюндарынын бири Ержан Татишевди “өлтүрүүнү уюштурган” деген айып менен өмүрүнүн акырына чейин сыртынан абакка кескен.

Аблязов айыптоолордун баарын четке кагып келет. Ал 2017-жылы жазында “Казакстандын демократиялык тандоосу” аттуу кыймыл түзгөн. Көп өтпөй казак бийлиги анын кыймылын “экстремисттик уюмдардын” катарына кошкон. Ага ылайык, басма сөз каражаттарына “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы тууралуу маалымат таратууга же аны пропагандалоого тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Последние новости