www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркияда 49 адам ичимдикке ууланып көз жумду

9-октябрдан бери Түркиянын Измир, Стамбул, Мугла жана Кыркларели аймактарында жасалма алкоголдук ичимдиктен каза болгондордун саны күндөн күнгө көбөйүүдө.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык, жалпысынан 49 киши каза болуп, ооруканада элүүдөн ашык бейтап дарыланып жатканын билдирген.

Жасалма ичимдиктерди мыйзамсыз жасап саткандарды табуу үчүн Түркиянын Ички иштер министрлиги атайын операция уюштуруп, беш аймактан 58 шектүү жаранды кармаган.

Тергөөдөн кийин алардын жетөө камакка алынган. Бул операцияларда полиция 16737 литр этил спиртин, 3253 литр спирт жана 2495 бөтөлкө алкоголдук ичимдикти конфискация кылган.

Жергиликтүү серепчилер жарандардын жапырт ууланышына дүкөндөрдө мыйзамсыз, арзан жана тымызын сатылган алкоголдук ичимдиктер себеп болгонун айтышууда.

Белгилей кетсек, Стамбулда алкоголдук ичимдикке уулануу үстүбүздөгү жылдын март айында да катталган. Анда жасалма аракка ууланган 60ка жакын түркмөнстандык ооруканалардын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кийинчирээк алардын дээрлик көбү каза тапкан.

Түркиялык маалымат каражаттары жабыркаган түркмөнстандыктар коронавирустан коргонуу үчүн жасалма арак ичишкенин жазып чыгышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости