Россия, Украина жарандары эс алып жүргөн кемеден 355 адам коронавирус жуктурган
Дүйнө жүзүндө  |   |  1343

Россия, Украина жана Германиянын жарандары эс алып жүргөн Япониядагы «Diamond Princess» кемесинде жалпы 355 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу Япониянын саламаттыкты сактоо министри Кацунобу Като 16-февралда жарыялады.

Маалыматка караганда, Япониядагы 3,5 миң адамы бар кеме карантинге алынып, 355 адамдан коронавирус табылды. 70 адам коронавирус (COVID-19) оорусун жаңы жуктурган.Картинки по запросу "Член экипажа Diamond Princess рассказал о состоянии пассажиров лайнера"Картинки по запросу "Член экипажа Diamond Princess рассказал о состоянии пассажиров лайнера"Картинки по запросу "Член экипажа Diamond Princess рассказал о состоянии пассажиров лайнера"Бортто 2,5 миң турист жана экипаждын миңге жакын мүчөсү бар экени маалымдалган. Алар Россия, Украина жана Германиянын жарандары.

Белгилей кетсек, кемедеги карантин жүргүнчүлөрдүн биринен коронавирус табылганда башталган болчу. Карантин 19-февралга чейин созулат деп болжолдонуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями