www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия, Казакстан жана Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстан менен болгон үзгүлтүксүз аба каттамын калыбына келтирүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, азырынча Россия тарап эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу үзгүлтүксүз каттамдарга макул болгон жок.

«Чартердик каттамдар уюштурулат. Алар азырынча 3 өлкө менен гана аба каттамын жандандырып жатканын билдиришти. Калган өлкөлөр менен чек араны этап боюнча: 15 күн, андан соң бир айдан кийин ачууну пландап жатышат», - деди ал.

Түркия аба каттамын жандандырууга макул болуп жатат.

«Бирок биз чек ара ачылганга чейин чартердик каттамдарды уюштуруп турууну сунуштадык. Чек ара ачылары менен үзгүлтүк аба каттамы жанданат», - деди ал.

Акышев кошумчалагандай, Бириккен Араб Эмираттары жана Казакстан да эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу үзгүлтүксүз каттамдарды жандандыруудан баш тартты. Азырынча чартердик каттамдар гана уюштурулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости