www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда криминалдык төбөл Азиз Батукаевдин эжеси суракка алынды. Бул тууралуу Спутникке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу билдирди.

Анын айтымына караганда, Яха Батукаева тергөөдө бир тууганына Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө кандайча жардамдашкандыгын айтып берген. Көрсөтмө берип жатканда кыргызстандык саясатчылардын ичинен эч кимисин мыйзамга каршы жасаган иштери боюнча айтпаганын кошумчалады. Ошону менен бирге, Алмазбек Атамбаевдин ысымы аталбаганын баса белгилеп кетти. 

Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча иш менен кармашкан. Учурда мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында отурат. Жакында эле кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча соттук отурум болгон. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартып, барбай койгон. Атамбаевдин адвокаттары мурдагы президент "азыркы бийликтин оюнуна катышпайм" деп айтканын билдиришкен кийин отурумду ансыз өткөрүү чечими кабыл алынган.

Сот иши жабык эшик артында өтүп, ага бир катар айып тагылгандар келип,  арасында мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева дагы бар.

Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

 

Последние новости