www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Журналист Алина Щеглова “Новгород шаардык гезитинин башкы редактору зордуктады” деп Орусиянын тергөө комитетине арыз менен кайрылган. Арыз менен кайрылган фактыны ведомстводон тастыкташкан. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Щеглова “Новгород” гезитинин башкы редактору Михаил Боголюбовду зордуктады деп күнөлөгөн, журналист кайрылган факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Щеглованын айтымында, аны 27-сентябрга караган түнү редакция “Феникс” конкурсунан алган сыйлыкты майрамдап жатышканда башкы редактору зордуктаган экен.
“Бир райондо жашагандыктан ал мени такси менен үйгө жеткирип коёюн деп сунуштады. Баары таркап кетип, биз такси күтүп калдык. Окуя ошондо болду. Ал менин эрким, макулдугум менен болду деп жатат”, -дейт Алина
Ошондой эле, анын эч кандай макулдугу жок эле болгонун жана ал эсин жоготуп дааратканада кир жерге кулап калганын белгилеп кетти. “Ал менин көйнөгүмдү айрыганга макул болгон эмесмин. Дааратканадан редакциянын бөлмөсүнө мени чачымдан сүйрөп киришине жол бере алган жокмун. Ал мени кармабай калганда жылаңайлак бутум менен көчөгө чуркап чыктым”, -деп, журналист мунун баарын айткысы келбегенин, бирок адилеттүүлүккө жете албай калам деп коркконун баса белгилеп кеткен.
Ал эми, күнөөлүү делип жаткан гезиттин башкы редактору Щеглованын айыптоосуна азырынча эч нерсе айта албаарын билдирди.
“Тергөө иштери жүрүп жатат, укук коргоо органдары териштирип чыгат. Азырынча эч нерсе айта албайм”,- дейт Боголюбов.
Булак: NazarNews.kg