www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташиевге оомат кайра келеби?

Шайлоонун дүбүртү катуулап кетип баратат. Чабал өрдөктөр эртелеп учуп алса, кабелтеңдер чээнден башын чыгара элек. Антсе да кимдин келтейген мурду каяктан чыгары боюнча уламыштар айтыла калып жатат. Демек, саманды жөн жерден Самаркандан учурушпаса керек деген ойго кептелесиң.

Арийне, генерал болгусу келбеген ефрейтор болбойт демекчи саясаттан изи көрүнүп калгандар жетинчи чакырылышта кызыл килемден өткүсү келип турганы жөндүү эле. Ошентсе да бул жолку "кармашуу" катаал болору эмитен эле сезилип калды десек жаңылбайбыз.

Ушул ирет "Ата Журт" партиясы эч кимге жармашпай өз алдынча шайлоого барарын Камчыбек Ташиев коомчулукка билдирди. Негедир Бабановдон көңү-лү калгандай түр көрсөттү. Баары бир ич кеткен соң баштагы абалга келиши кыйын го. Ошентсе да 2010-жылкы шайлоодо алдыңкы орунду камсыз кылган партия кайрадан эзелки ооматын кай-рый алабы деген ийри суроо жатканы ырас. Анткени мурдагы узөңгүлөштөрүнун айрымдары башка тарапка жылып кетишти. Көз караштар кыйла өзгөрүугө тушукту. Бир жагынан Камчыкенин фи-нансалык абалы мактанарлык деңгээлде

эмес. Каражаттуу достордун деле бир-паста мүнөзү өзгөрүп кетээрин ал жакшы билип калды. Айтор, ташыркабай эле чуркап марага жетерин билдирүүгө жараган Ташиевдин ак көңүлдугу өзүнө айгак болбосо экен. Ошонусунан ал да-лай ирет жабыркабады беле. Деп "Ачык сөз" гезити жазып чыкты 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости