www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын 31 жаштагы жараны башкарып бара жаткан «Киа Рио» унаасына ок атылды. Бул тууралуу Konkretno.ru жазды.

Маалыматка караганда, окуя 14-ноябрда күндүз болжол менен саат 11:00 чамасында болгон. Айдоочулардын ортосунда чыр чыгып, алардын бири – «ГАЗель» унаасынын айдоочусу «Киа Рио» унаасына 4 жолу ок аткан.

Полиция кызматкерлери бир сааттан кийин бейбаш айдоочуну колго түшүрүшкөн. Ал Азербайжандын жарана экени белгилүү болду. Анын жанынан травматикалык тапанча табылган.

Аталган факт боюнча ээнбаштык беренеси менен кылмыш иши козголду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости