www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда Кыргызстандын жараны боюнда бар келинчегин катуу сабаган. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы кыргызстандык келин 6-августта ооруканага түшкөн. Ал 33 жума кош бойлуу кезинде эс-учунан танып келген. Денесинде ар кандай даражадагы көптөгөн уруп-сабоонун белгилери болгон.

Баланы аман сактап калуу үчүн кесарево жолу менен операция жасалган. Ал эми келиндин абалы оор.

Полиция ооруканадан 35 жаштагы күйөөсүн келинчегин сабагандыкта шектүү катары кармап, сурактан кийин тил кат менен кое беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости