www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россияда  кыргызстандык таксист аял зордукталды

Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда кыргызстандык таксист аялды зордуктап кетишти. Бул тууралуу орус басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, полицияга такси кызматында иштеген 28 жаштагы Кыргызстандын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 23 жаштардагы Өзбекстандын жараны аны түнкү саат 3:30дарда зордуктаган.

Зордуктады делген киши ыкчам түрдө кармалган. Шектүү жыныстык катнаш эки тараптын макулдугу менен болгонун айткан.

Азыркы учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы маалым болду. Ал эми шектүүнүн туруктуу жашаган жана иштеген жери жоктугу айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости