www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Уссурийск шаарында Өзбекстандан барган жарандан 800 миң рубль акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, полицияга 25 жаштагы чет өлкөлүк жаранды 2 эркек киши коркутуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Ага удаа такталган маалымат боюнча, өзбекстандык адам жазында кыргызстандык таанышынан 30 миң рубль акча карызга алган. Ал бир айдан кийин 50 миң рубль кылып кайтарып бермек. Бирок акчанын ээси бир жумадан кийин эле досун ээрчитип барып, акчасын талап кылып коркуткан.

Өзбекстандык жаран акчаны кайтарып бергени менен ири суммадагы акча талап кылган коркутуулар токтобой, бир нече айдан бери уланып келген.

Жабырлануучу укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылып, ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Кыргызстандын 24 жаштагы жараны менен анын досу кармалган.

Учурда сүйлөшүп алып ири суммадагы акча талап кылуу беренеси менен тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости