www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлүктөр үчүн миграциялык жеңилдиктердин мөөнөтү 15-декабрга чейин узартылды. Президент Владимир Путин тиешелүү жарлыкка койгону бейшембиде расмий кабарланды.
Маалыматта айтылгандай, алгач жеңилдиктер 15-марттан 15-июнга чейин, анан 15-сентябрга чейин узартылган эле.
COVID-19 илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу Россиядагы чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жоктордун укуктарын жөнгө салуу тууралуу 18-апрелде жарыяланган жарлыкка ылайык, бул мезгил аралыгында чет өлкөлүктөргө миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн административдик чара көрүлбөйт.
Белгилей кетсек, патент, виза, миграциялык каттоо жана ишке уруксат берчү башка документтердин мөөнөттөрүн узартуу талап кылынбайт. Бул арада мөөнөтү аяктаган документтер жокко чыгарылбайт.
Ошондой эле, чет өлкөлүктөрдү депортациялоо, миграциялык эрежелерди бузуу үчүн административдик жазага тартуу да токтоп турат.
Чет элдиктерди ишке кабыл алууда миграциялык документтер талап кылынбайт. Иш ордунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын жумуш берүүчүлөр камсыз кылышы керек.
Акыркы расмий маалыматтар боюнча, 750 миңдей кыргызстанды кРоссияда эмгек миграциясында жүрөт. Евразия Экономикалык Биримдигине кирген Казакстан менен Кыргызстандын эмгек мигранттарынан патент талап кылынбайт.
Эске сала кетсек, коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанга 30 миңге жакын мигрант кайткан.
Булак: NazarNews.kg