www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Россиядагы элчилигине эркек киши оозун тигип алып барган. Ал саясатчы Садыр Жапаровду абактан чыгаруусун талап кылган. Бул тууралуу Mash телеграмм каналы маалымдады.
Саламан уулу Жаныбек ал өзү оозун тигип алып, жалгыз митингге чыккан. Ал плакатка "Садыр Жапаровго боштондук, мен өлкөм үчүн ачкачылык жарыялайм, жаркын келечек үчүн" деп жазып алган.
Элчиликтин алдында Саламан уулун милиция кызматкерлери алып кетишкен.
Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо өткөн митингде Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди «барымтага алган» деген айып менен 11 жыл алты айга кесилген. Өткөн жылдын апрель айында Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 1,5 жылга кыскартып, он жылын калтырган.
Булак: NazarNews.kg