www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Ленинград облусунда полиция кызматкерлери жүргүнчүсүн зордуктап салган айдоочуну издөөдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя болгон учурда жабырлануучу мас абалда болчу. 2-февралда болжол менен саат 02:00дө “Яндекс.Таксини” приложение аркылуу чакырган. Крупская көчөсүндөгү 11/3 үйүнүн жанында Skoda Rapid үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күч колдонуп, зордуктап салган. Андан кийин жабырлануучу унаадан чыгып, үйүйнө чейин жөө кеткен.

Учурда полиция кызматкери  кылмышкерди издеп жатат. Полициянын маалыматы боюнча, кылмышкер 33 жаштагы кыргызстандык жаран. Маалым болгондой ал Россияга 2019-жылдын апрель айында келген жана убактылуу каттодо турат.

Кылмыш ишин ачуу тууралуу маселе каралып жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости